Menu

Мэрия: Маршурттук таксилер жол кирени 20 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылууда

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык мэриясы 22-январда маршруттук таксилерди тейлеген жеке фирмалардын жетекчилери менен жолугуп, акырындык менен жол кире акысын көтөрүү маселесин талкуулашты.

Маалыматка караганда, жеке фирмалар тарифти 19-20 сомго көбөйтүүнү талап кылышууда.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин акысын 15 сомго, автобус жана троллейбустардын тарифин 10 сомго көбөйтүүнү сунуштаган. Пенсионерлер жана мектеп окуучулары 8 сомдон төлөйт.

Бул арада шаардык транспорт системасын реформалоо үчүн мэриянын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүүгө тапшырма берилди.

Өткөн аптада Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыгышкан. Эгерде ал талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: