Menu

Вице-премьер-министрдин м.а. Максат Мамытканов Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде мыйзам үстөмдүгү, коррупцияга каршы туруу, сөз эркиндиги, жашыл экономика жаатындагы маселелер, буга катар 2021-жылдын 1-12-ноябрында Глазго шаарында (Шотландия) өтүүчү БУУ Рамкалык конвенция тараптарынын XXVI конференциясына катышуу маселеси талкууланды.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу жана башкаруу формасын аныктоо боюнча жалпы улуттук референдуму жогорку уюшкандык деңгээлде өткөндүгүн белгиледи жана үстүбүздөгү жылы орун алуучу маанилүү саясий окуялар тууралуу маалымат берди.

Тараптар бардык деңгээлдеги кыргыз-британ байланыштарын активдештирүүнүн жана эки тараптуу өз-ара аракеттешүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: