Menu

Вице-премьер-министрдин м.а. Эльвира Сурабалдиева Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министрдин м.а. Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-россия өнөктөштүгүнүн стратегиялык мүнөзүн жогору баалайт жана келечекте Россия Федерациясы менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого умтулат. Ал россиялык тарапка коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн колдоосу жана гуманитардык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жана COVID-19 вирусунун жаңы штаммынын жайылышынын алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министрликтеринин мындан ары карай өз ара аракттешүүсүн талкуулады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: