Menu

Алмазбек Атамбаев «Ислам азыркы светик мамлекетте» эл аралык конференцияга даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты укту

Бөлүшүү:

Президент Атамбаев бүгүн, 15-августта, Кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, сентябрь айында  өлкөбүздө өткөрүлө турган «Ислам азыркы  светтик мамлекетте» эл аралык конференцияга даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Бул туурасында Президенттик аппараттын расмий сайты маалымдады.

Аталган эл аралык долбоордун максаты  улуттук мамлекеттердин маданий өзүнчөлүгүн сактап калуу, диний баалуулуктарды жайылтуу  шылтоосу менен радикалдуу идеяларды   киргизүүгө жол бербөө, жалпылап айтканда  диний чөйрөдө  демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргызстанда өткөрүлө турган  эл аралык конференциянын ишине  эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын  өкүлдөрү, жакынкы жана алыскы бир катар чет мамлекеттерден окумуштуулар, эксперттер катышаары болжолдонуп жаткандыгы  тууралуу  маалымат берилди.

Көтөрүлгөн идеянын өзгөчө актуалдуулугун жана  экстремизмге,  радикалдашууга каршы күрөшүүдө  мамлекет менен диний коомчулуктун өз ара аракеттенишүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча алдыда турган  милдеттердин маанисин баса белгилеп,  Президент Алмазбек Атамбаев  «Ислам азыркы светик мамлекетте» эл аралык конференцияга жакшы даярдыкты камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: