Бүгүн, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация аземи Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жетишти деген токтомду окуп берди.
Шайланган президент Садыр Жапаров кыргыз элине ант берип, мамлекет башчысы катары Кудай жана эл алдында акыйкат башкарып, адам укугун коргоп, Конституциянын ченемдерин сактай турганын белгиледи.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартты тапшырды.
Филармониянын залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни ойнолду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ