31-январда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялардан кийин Москва шаарында кармалган жарандарды атайын кармоочу жайларга алып келген автозактардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» билдирди.
Кармалгандардын айтымында, кезекте бештен тогузга чейин автозак турат. Алардын ичи суук. Кармалгандар тамак-ашсыз, ажатканага бара албай кыйналууда.
Санкт-Петербургда кармалган активист Илья Афанасьев аларды кечээ кечинде атайын жайга алып келишкенин, тамак-аш жана суу берилбегенин билдирди. Анын айтымында, кичи автобустар бир нече сааттан бери кезекте турушат. Полиция кызматкерлери бир сааттын ичинде үч гана кишиге карата кагаздарды толтуруп жетишип жатышат.
31-январда Навальныйды колдогон акциялардан кийин жалпы Орусия боюнча 200дөн ашык киши кармалды. Алардын жарымынан көбүн Санкт-Петербург шаарынын тургундары түзөт. «ОВД-Инфо» долбоорунун маалыматы боюнча кармалгандардын саны көбөйүүдө.
31-январдагы акциялар Орусиянын 89 шаарында өтүп, ал күнү жалпысынан 5 жарым миңден ашык киши кармалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ