Бүгүн, 3-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 116 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 54, Чүй облусунан – 45, Ысык-Көл облусунан – 11, Ош облусунан – 5, Баткен облусунан – 1 учур катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 84 762 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 130 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 81 232ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 55, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 41, Ош облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 20, Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунан – 1, Нарын облусунан – 4.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ