“Документтерди тапшырып, кечээтен бери иш кагаздардын аягына чыгып жатамын. 4.02.2021 иштегениме 100 күн болот экен, отчетту бул жерге сөзсүз чыгарамын”,- деп билдирди 2-февралда КРнын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Facebook социалдык тармагындагы баракчасында.
“Жүрөгүм тынч, бир кыйла жеңилдегендей сезимде кетип жатамын, – коронавирус боюнча кырдаалга жоопкерчиликти көтөрүү оор болуп жатты. Ковид-19 менен күрөшүү республикалык штабдын жетекчилигин бүгүн саламаттык сактоо министрлигине тапшырып беремин.
Мени колдоп, жардам берип жаткандарга да, ишимди сындап, катуу талаптарды койгон ар бирөөңүздөргө чын дилимден ыраазычылык билдиремин – чоң кызматтын жоопкерчилиги да оор болот. Оор кырдаалда вице-премьер-министрликке дайындалып келгенмин, ал кезде убактылуу мөөнөттөгү экендигин алдын ала сүйлөшүлгөн эле. Эч нерсеге кейибеймин”,- деп жазган Сурабалдиева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ