Чүй облусунун Аламүдүн районунда 19 жаштагы өз кызын зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 2-февраль күнү Пригородное айылынын 2002-жылы туулган С.Д. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда атасы зордуктаганын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт КЖБРге кылмыш жаза кодексинин 161- беренеси (зордуктоо) боюнча катталган.
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, жабырлануучу кызды 1-февраль күнү саат 17:00 чамасында атасы күч колдонуп зордуктап салган. Бул боюнча ал апасына айтып, андан соң апасы экөө милицияга арыз жазышкан. Мындан сырткары, жабырлануучу биринчи жолу атасы аны 2019-жылы зордуктаганын кошумчалаган.
Ошентип, териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1984-жылы туулган Т.И. аттуу кыздын атасы кармалган. Ал Орусиядан январь айынын ортосунда келип, үй-бүлөөсү менен жашап жаткан.
Учурда кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ