Menu

COVID-19 пандемиясынын божомолдонгон жаңы толкунуна даярдык көрүү максатында медициналык кызматкерлерди окутуучу мобилдик мектептер уюштурулду

Бөлүшүү:

COVID-19 пандемиясынын божомолдонгон жаңы толкунуна даярдык көрүү максатында медициналык кызматкерлерди окутуучу мобилдик мектептер уюштурулду. Бул тууралуу 2-февралда КР Саламаттыкты сактоо  министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, COVID-19 коронавирус инфекциясынын болжолдонгон жаңы толкунуна даярдыктарды көрүү максатында, Кыргызстандын бардык аймактарында дарыгерлер жана медайымдар, COVID-19 көп тармактуу командасы саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы пулмонологу, профессор Талант Сооронбаевдин жетекчилиги астында 2-февралдан 2-мартка чейин окутулат.

Негизги басым убактылуу клиникалык колдонмонун 4-версиясынан коронавирустук COVID-19 инфекциясы менен ооруган бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо боюнча сунуштарга, ошондой эле дем алууну колдоочу технологиялар боюнча практикалык көндүмдөргө багытталат: кычкылтек терапиясынын, жогорку агымдуу оксигенотерапиясынын, өпкөнүн инвазивдик эмес вентиляциясынын (CPAP, BPAP) режимдери. Профессор Сооронбаев Т.М. жана анын командасы тарабынан март айында пандемия башталгандан тарта кызыл зоналардагы дарыгерлерге жогорку агымдагы оксигенотерапияны жана өпкөнүн инвазивдик эмес вентиляциясын  колдонуу үйрөтүлгөн, бул миңдеген оор абалдагы оорулуулардын өмүрүн сактап калууга шарттаган. Цюрих университетинин ооруканасы (Швейцария), Шмалленбергдеги медициналык оорукана (Германия), Лестер университетинин ооруканасы (Улуу Британия) сыяктуу белгилүү ири медициналык борборлордун оор абалдагы оорулууларды дарылоо жана респиратордук колдоо боюнча алынган тажрыйбасына жана билимине таянып, дарыгерлер менен биргеликте COVID-19 коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды респиратордук колдоо жана өмүрүн сактоо боюнча алгоритмдер жана протоколдор иштелип чыгат. Ошондой эле, COVID-19 менен ооруган бейтаптардын татаал учурлары талкууланып, жергиликтүү консилиумдар уюштурулат.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул окуутуу жана практикалык мектептер региондордогу COVID-19 коронавирустук инфекциясы жана башка респиратордук оорулар менен ооруган адамдарды дарылоонун сапатын жогорулатууга жана кадрлык потенциалын чыңдоого багытталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: