Menu

Мирзиёев атайын кызматка жаштардын маселесин чечүү тапшырмасын берди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматына (УКК) «жаштардын социалдык маселелерин изилдеп, координациялоо» тууралуу тапшырма берди.

Бул боюнча президенттин басма сөз кызматынын алгачкы билдирүүсүндө жаштардын көйгөйлөрүн чечүү жана аларды иш менен камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик акимдердин орун басарларына, Салык комитетинин, Соода-өнөр жай палатасынын жана коммерциялык банктардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлгөнү жазылган.

Бирок Kun.uz сайты жарыялаган президенттин төрагалыгы менен өткөн видеоселектордук жыйындагы видеотасмада Мирзиёев: «Сунуштардын негизинде райондор менен шаарларда жаштар программалары бекитилди. Аларды ишке ашыруу жана жаштардын социалдык маселелерин изилдөө иши Улуттук коопсуздук кызматына жүктөлдү», — деген.

«Президент алдыга коюлган маселелердин маанилүү экенин эске алып, программанын ишке ашырылышын УКК көзөмөлдөй турганын белгиледи», — деп жазды Kun.uz сайты.

Ал ортодо Улуттук коопсуздук кызматынын 25 жыл мурда отставкага кеткен полковниги Махмуд Юлдашев кандай себептер менен жаштардын көйгөйлөрүн чечүү маселеси атайын кызматка жүктөлгөнүн түшүнбөй жатканын билдирүүдө.

«Бул мекеменин уставында да, «Улуттук коопсуздук кызматы тууралуу» мыйзамда да атайын кызмат жаштардын маселеси менен алектенет деп жазылган эмес», — деди Юлдашев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: