Menu

Бишкекте ардактуу авиатор Кубанычбек Козубековтун 80 жылдык юбилейи белгиленди

Бөлүшүү:

Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда кечээ, 5-февралда ардактуу авиатор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери Кубанычбек Уметович Козубековдун 80 жылдык юбилейи белгиленди.  Бул тууралуу “Манас” Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Солтобаев, Жарандык авиация агенттигинин директору С.Шаршеев, “МЭА” ААК  Башкармалыгынын төрагасы-Башкы директор  Б.Сыдыков,  “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясынын директору А.Аскаров, “Кыргызаэронавигация” МИ директору  С.Жороев, авиация ардагерлери ж.б. катышкан.

“МЭА” ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыков өз сөзүндө кээде, бир тармактын өнүктүрүү тарыхын жеке инсандын тагдырынан өзүнчө кароо мүмкүн эмес болгон учурлар сейрек кездешет.

“Мына ушундай инсандарыбыздын бири катары, Кыргызстандын ардактуу авиатору, транспорт кызматынын эмгек сиңирген  ишмери, ысымы алтын тамгалар менен ардакталып жазыла турган, элибиздин сыймыктуу уулу Кубанычбек Козубековду айтсак болот. Асыл аксакалыбыздын жасаган эмгектери жана өмүр жолу баарыбыз үчүн үлгү. Айрыкча жаш авиаторлор үчүн Кубанычбек Уметович ар дайым жылуулук тартуулап, жол көрсөтүп турган асмандагы ак жылдыздай экени айдан ачык”,- деген ал.

Б.Сыдыков жалпы жамааттын жана жеке өзүнүн атынан Козубеков Кубанычбекти куттуктап, бекем ден-соолук, кажыбас кайрат каалап өткөн.

Салтанаттуу иш-чараны  өткөрүү  үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлгөн, алар – КР ТАКжКМ караштуу Жарандык авиация агенттиги, “Манас эл аралык аэропорту” ААК, “Тез Джет” авиакомпаниясы, “Кыргызавианавигация” МИ, КР авиакызматкерлер профсоюзу жана Кыргыз авиациялык институту ж.б.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: