Дагестанда Росгвардиянын эки кызматкери 34 жаштагы жергиликтүү тургунду өлтүрүүгө айыпталып кармалды. Ал күн мурун Махачкаладагы полиция бөлүмдөрүнүн биринде атылып өлтүрүлгөн.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, маркум – Новолакс районунун Новокули айылынын башчысы болгон. “Кавказский узел” басылмасы окуяга жер талашы себеп болушу ыктымал экенин жазды. Маалыматтарга караганда, Абакар Каплановду ОМОНдо иштеген эгиз Курбановдор аткан. Маркумга 30дан ашуун ок тийгени айтылууда.
Бул окуядан кийин Совет районундагы полиция бөлүмүнө маркумдун 300дөн ашуун туугандары жана тааныштары чогулду. Аларды республиканын ИИМинин башчысы Магомед Абдурашидов тынчытууга аракет жасады.
У отдела полиции по Советскому району Махачкалы собрались несколько сотен человек, приехал и глава республиканского МВД.
По сообщениям СМИ, там в кабинете начальника уголовного розыска вечером застрелили бывшего главу селаhttps://t.co/FEe4BDjNdD
Видео: «Черновик» pic.twitter.com/MCGnGXemYZ— Медиазона (@mediazzzona) February 6, 2021
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ