Menu

Назгүл Насиева: “400дөн ашуун карапайым элди сызга отургузуп кеткен Эрмек Нургазиев кантип мэр болот?!”

Бөлүшүү:
“Сен жалгыз эмессиң” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Насиева Бишкек шаарынын мэринин м.а. Балбак Түлөбаевдин ордун ээлеген Эрмек Нургазиев карапайым элди алдап жүргөнүн айтып, бул маселени чечүүдө коомчулуктан жардам сурады.
Назгүл Насиеванын Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазган постун өзгөртүүсүз беребиз.
“Эл журт! Бишкек шаарына Эрмек Нургазиев мэр болуп келет экен дегенди угуп, төбө чачыбыз тик туруп атат. 400дөн ашуун карапайым элди сызга отургузуп кеткен адам кантип мэр болот?!
Урматтуу, Садыр Жапаров Нуркожоевич, Сиз эл үчүн күйүп, элдин тагдырына кайдыгер карабай, жан үрөп иштеп жүрөсүз. А бирок могу Эрмек Нургазиевден менин жолдошум Кубанычбек Жусупов 2017-ж. 12-майда Бишкек шаары, Ажыбек баатыр д. 1/1дан, жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн, бир бөлмөлүү 34,15м2 жерди, бир миллион жүз отуз жети миң үч жүз жетимиш алты (1 137 376,00) сомго сатып алганбыз. Эрмек Нургазиевдин колуна нак эсептеп бергенбиз. Бухгалтериядан договор түзүлүп, Эрмек Нургазиевдин бухгалтери кол койгон. Москва шаарында күнү-түнү ичпей, жебей “квартиралуу болуп калалы” деп акчасын топтоп, бизге жиберген күйөө балабыз Таалайбек Жаныш Уулуна сатып бердик эле. Таалай атасыз чоңойгон, апакесинин жалгыз уулу. Эки баласы менен квартиралап жүрүшөт Москвада. Ушул күнгө чейин же квартирадан жок, же акчадан жок, бөөдө убалына калтырып, Эрмек жүрөт жер тепкилеп депутат болом деп, эми мэр болобу? Канча жолу жакшы да айттык, ыйлап да сурандык, урушуп да көрдүк. Бул эч кимди тоготпогон, эч кимди укпаган, карапайым элдин мээнетин жеген Эрмек Нургазиевге чара көрчүүлөр барбы?! Аял, дольщиктердин укугун коргогон адвокат Ольга Новохатскаяны жаактан ары бир чаап, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, моюнга албай жүрөт.
Ушул маселебизди чечип бергенге профессионал адвокаттар, прокурорлор, журналисттер, өкмөттө иштеген жетекчилер, УКМКнын кызматкерлери баарыңардан суранам, жардам бериңиздер. Арыз жазып кайрылууга бүт документтер даяр. Ачык айтып, ак күрөшпөсөк бул тоготчудай эмес. Калпы, шылтоосу көп, өтө куу адам Эрмек Нургазиев! Ал абийир алып келбейт, башыңардан ылдый суу куят!
Эрмек мырза, эсиңизде болсун коркутуп, үркүтүү азыр мода эмес! Ортого кишилериңди салып бечара көрүнбөгүн “дольщикмин мени да, алдашты” деп. Альянс курулуш менен маселеңди өзүң чеч. Бул жетим баланын убалына калбай, алган акчаны жакшына кайтарып берип кой!
Урматтуу журналисттер ушул ишти аягына чейин бүтүрүүгө жардам бериңиздер. Келечекке болгон үмүтүбүздү өчүрбөңүз, урматтуу Президент”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: