Menu

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы профессор: “Ордо оюндары Камчыкенин жүрөгүн ооруттубу?”

Бөлүшүү:
Камчыкени негедир Нүзүпкө көбүрөк окшоштуруп жатам. Ордодон алыс кезинде эскилер андан оолак болгонго аракет кылышчу. Мекенчил ураанын көтөрүп чыкканда ага мыйыгынан күлүшүп, кантип эле деп ишенбей четтеп турушчу. Акыры таскагы катуу чыгып, чечкиндүү аракеттери менен Камчыке ордодо чечүүчү адамга айланды. Андан алыстагандар кайрадан жакындай баштады. Ал гана эмес эскилер маска-терилерин алмаштырып, мурдагыдай эле ордого жуткунушуп, чечүүчү кызматтарды ээлеп, ээрге отурган соң эсиришип, Камчыкени ордодон алыстатып, таасирин азайтууга болгон аракеттерин жасоого киришкендей сезилүүдө. Жүзүн дароо өзгөртүшкөн эскилердин мындай кылыктары Камчыкенин жигиттик принциптерине туура келбей, жүрөгүнө оор тийип оорутту шекилдүү.
Эртерээк дарыланып, батыраак сакайып Мекениме кайтып келип баштаган күрөшүмү улантам деп четке кетти. Бирок ордодо Нүзүптөй зор таасирге ээ Камчыкени каралоо токтомок тургай күндөн-күнгө күч алгандай болууда. Ордонун миң түрлүү оюндарын мыкты өздөштүргөн, Президенттердин бири кетсе экинчисинин этегине ач кенедей жармашкан, дароо терилерин алмаштырып, мекенчилдердин терисин жамынышкан эскилер Камчыкеге чабуулун ооруп жатса да токтотчудай түрү жок. Ордо күрөшүн оюнчулар күчөтө берип ойрон болуп калбасак эле болду.
Эң башкысы Камчыкенин кыяматтык досу Садыр Нуркожо уулуна күч кубат, майтарылбаган эрк, жолунан адаштырбаган даанышмандык, ийилсе да сынбас акыйкаттык каалайбыз!
Кыяс Молдокасымов, тарыхчы профессор

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: