Menu

ИИМ: УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

Бөлүшүү:

ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын февраль айында борбор калаанын тургуну мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары боюнча чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. 2019-жылдын аягында бейтааныш адам өзүн ийгиликтүү ишкер катары тааныштырып, алдоо жолу менен ишенимге кирип ири суммадагы акча каражатын ээлеп алып изин жашырып кеткен.

Аталган факт Октябрь РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Кылмышка шектүү адам криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышта болгондуктан ИИМдин 3-башкармалыгынын (УБОП) ыкчам кызматкерлери бул ишти колго алышкан. Тергөө буйругунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 2021-жылдын февраль айынын аягында Бишкек шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган жаран А.К. кармалган.

Кармалган адам тергөөгө өткөрүлүп, баш коргоо чарасы соттун чечими менен эки айга камакка алуу түрүндө тандалды. Алынган маалыматтарга караганда ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: