Menu

Өзбекстанда быйыл ипотекага 33 миңден ашуун үй берилет

Бөлүшүү:

2021-жылы Өзбекстанда жарандарга ипотеканын негизинде 33 114 батир жана жеке турак жай берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 11-мартта кол койду.

Жарлыкка ылайык, ипотекалык негиздеги турак жайлар базар принциптерине шайкеш берилет.

Айыл жерлеринде 8 336 батирден турган көп кабаттуу жеткиликтүү үйлөр курулат. Айрым категориядагы кишилер үчүн 3 550 батирлүү турак жайларды салуу каралууда.

Жеке турак жай куруу же реконструкция үчүн жеке жактарга насыя берүү тартиби бардык региондордо киргизилди. Буга чейин мындай жол-жобо Анжиян, Наманган жана Фергана облустарында гана болгон. Ар бир облуста жана Каракалпакстанда 500дөн жеке турак жай курууга насыя берилет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: