Menu

“Реформа” партиясы митинг-ишембилик өткөрүү менен Бишкек шаар кеңешине шайлоого аттанды

Бөлүшүү:

Тарыхка таазим кылбай туруп, жаркын келечекке жетүү оор болот, – деди митинг-ишембиликти ачып жатып “Реформа” партиясынын лидерлеринин бири Эльдар Абакиров. Бул митинг-ишембилик менен “Реформа” партиясы Бишкек шаар кеңешине шайлоого аттанды. Бул тууралуу “Реформанын” басма сөз кызматы билдирди.

Негизи эле саясий уюм өзүнүн шайлоо өнөктүгүн өзгөчө баштаганын айтып кетпесе болбос. Партиячылар жана тарапташтары, 12-март күнү Пишпектин биринчи старостасы – Илья Терентьевдин Үйү деген аталышта белгилүү тарыхий имараттын тегерек четин тазалап, митинг өткөрүү менен баштады. Бул иш-чара менен алар калаа тарыхына жана аны курган инсандарга таазим кылышты.

Өз сөзүндө Эльдар Абакиров, бул тарыхий инсан, жөнөкөй ишкер болуп туруп азыркы Эркиндик бульварын, Кара-Жыгач багын түптөп жана башка көптөгөн шаар үчүн иштерди жасап кеткенин эске салды. 

Бирок, ал имараттын учурдагы кейиштүү абалы, тарыхка болгон кыянаттыктын белгиси.

  • Биз шайлоодон жеңгенде, менин оюмча шаардыктар менен бирге бул жерди борбордун бирден-бир көрүнүктүү жерине айландырабыз, – деди Эльдар Абакиров.  

Анын сөзү боюнча, “Реформа” тобунда шаар үчүн көптү жасап келген, бүгүнкү күндө да жасап жаткан активдүү жарандар бар. Ал эми Шааркеңештин депутаты деген макам борбор үчүн  мындан да чоң иштерди жүзөгө ашырганга жардам берет.

“Реформа” партиясынан талапкер, коомдук ишмер Рита Карасартованын сөзү боюнча, эң туруктуу реформалар ылдый жактан башталган реформалар.

  • Бишкекте реформа жасап, биз башка аймактар үчүн үлгү болобуз, – деди коомдук ишмер.

Дагы бир талапкер, Эльмира Каримова, партия үгүт өнөктүгүн пайдалуу иш менен баштаганын айтып өттү.

  • Мен шайлоого бул балдар менен бара жатам. Себеби ушул күнгө чейин адилеттүүлүк менен өнүгүүгө болгон үмүтүмдү үзгөн эмесмин, – деди талапкер.   

Шаар акыбалы боюнча кызыктуу ойлору менен талапкер Таалай Насирдинов да бөлүшүп кетти.

Анын айтымында, шаарда бир гана чыккынчы бар – ал кагаз.

  • Кагаз бетинде толгон-токой  иштер жасалган. Токтогул көчөсүн алалы. Отчеттор боюнча ал көчөдө велосипеддер үчүн атайын жол тилке бар. А чынында ал жерде унаалар толуп калган, – деди Таалай Насирдинов.

Талапкердин оюнда, кырдаалды оң жагына өзгөртүү  үчүн эрежелерди өзгөртүү зарыл. Ал эми эрежелерди “Реформа” тобу өзгөртө алат.

Партия башынан эле өз саясатында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына артыкчылыктарды берип келет.

Талапкерлердин бири Виктория Бирюкова айткандай, эгер шаар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу болсо, шаар баары үчүн ыңгайлуу болот.

Иш-чаранын аягында сөз сүйлөгөн “Азия Микс” КВН командасынын мурдагы капитаны Элдияр Кененсаров айткандай, шаар, бул биринчи кезекте адам өзүн өз үйүндө жүргөндөй сезе алган жер. Бул жерде адамдар бири-бири менен баарлашып, колдоп, жылмайуу тартып турган жер.

  • Мен “Реформада” көкүрөгүндө реформа бар адамдарды көрдүм, – деди коомдук ишмер.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: