Бүгүн, 13-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 63 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 26, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 20, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 818 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 43 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 809га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 17, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 11, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 6, Баткен облусунан – 4.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1480ге жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ