Menu

Казакстандык укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесин дагы беш киши менен толукташты

Бөлүшүү:

Казакстандык укук коргоочулар «саясий туткундардын» тизмесин жаңыртты. 17-мартта жарыяланган тизмеге дагы беш активисттин ысымы кошулду.

Алардын бардыгы тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы менен «Көше партиясына» катышы бар деген шек менен камалгандар. Тизмеге кошулгандар: Максут Аппасов, Медет Есенеев, Абзал Каналиев, Мерей Корбаков, Айдар Сыздыков.

  • Укук коргоочулардын айтымында, Максут Аппасов жарандык активдүүлүгү үчүн куугунтукталууда. Былтыр анын үйүндө тинтүү жүрүп, февралда суракка барган учурда камалган. Ал бир нече жолу тынч митинг өткөрүү тартибин бузганы үчүн административдик жазага тартылган.
  • Активист Медет Есенеев 2020-жылы «Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу» айыбы менен бир жылга эркиндиги чектелген. Кийин пробация шартын бузганы үчүн анын шартуу боштондугу түрмө жазасы менен алмаштырылган.
  • Активист Абзал Каналиев ушундай эле айып менен алгач үй камагына алынып, кийин соцтармактарга жазган билдирүүсү үчүн 23-февралда камалган. Укук коргоочулардын айтымында, ал далай ирет саясий туткундардын үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам берүү боюнча акцияларга катышкан. 3-топтогу майып, апасынын жалгыз уулу.
  • Мерей Корбаков да тыюу салынган уюмдун ишине катышуу айыбы менен 2020-жылы 22-декабрда кармалган. Укук коргоочулар ал бир жылдан ашык убакыттан бери жарандык позициясы үчүн куугунтукталып жатканын билдиришүүдө. Ал былтыр 29-декабрда «бийлик өкүлүнө күч колдонду» деген айып менен 40 саат коомдук жумуштарда иштөөгө милдеттендирилген. Активист онкологдо каттоодо турат, 3-топтогу майып.
  • «Көше партиясынын» ишине катышууга айыпталган Айдар Сыздыков да абакта. Ага чейин жарандык активдүүлүгү үчүн бир нече жолу административдик камакка алынган.

Биринчи жолу бул тизмени жергиликтүү укук коргоочулар 2013-жылы 31-майда түзүшкөн. Анда болгону алты кишинин ысымы аталган. Кийинчерээк тизмеге ондогон фамилиялар кошулган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: