Бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасындагы Сауд Арабия Падышалыгынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы, анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыктарын билдирип, ар кандай тармактардагы кызматташтыктын прогрессивдүү өнүгүүсүн белгилешти.
Ошону менен бирге, тараптар өз ара аракеттенүүнү соода-экономикалык, инвестициялык жана туризм чөйрөлөрүндө мындан ары кеңейтүү зарылдыгына көңүл бурушту.
Кыргыз-Сауд мамилелерин чыңдоого кошкон жеке салымын баалап, Министр Р.Казакбаев Элчи А.Ал-Жуманы “Данакер” ордени менен сыйланышы менен куттуктап, ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди жана ден-соолук каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ