Menu

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, бош депутаттык мандаттарды тапшырды

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-мартта БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, бош депутаттык мандаттарды тапшырды. Бул тууралуу КР БШК маалымат бөлүмү  кабарлайт.

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 19-марттагы жыйналышында Жайыл, Кочкор жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,  талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды:

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Аалыев Алмаз Аалыевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Жумагулов Тимур Доктурбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Айткулуев Темирлан Намазбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Универсал” ЧИ директорунун жардамчысы ЖапсаровТилек Абдыбековичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Аситов Алмасбек Толоковичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кочкор районунун үй-бүлөлүк врачы Балкыбеков Медетбек Жанарбековичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаты Бейшенбек уулу Нурсултандын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Карабаев Уланбек Тыйтаевичке өткөрүп берилди.

Ошондой эле БШК Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Асанбай уулу Мирбекти өз арызынын негизинде талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү жөнүндө токтом кылды.

Чечим “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: