Menu

ИИМ: Алдамчылык иш-аракети менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Алдамчылык иш-аракети менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аларын айтымында, 2019-жылдын февраль айында жаран пластикалык терезелерди жана эшиктерди орнотууга байланышкан курулуш иштерин сапаттуу жасап берем деген шылтоо менен ири суммадагы акча каражатын алдап алып кеткен. Ал 4400 АКШ долларын жана  “Даймлер Крайслер S320”  үлгүсүндөгү автоунааны алдын ала төлөм катары алып, изин жашырып кеткен.

2021-жылы алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан жаран  милицияга кайрылган. Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш  жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары менен ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери алектене башташкан.  Шектүү боюнча ыкчам маалымат алынып, бул кылмыш ишине мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун Токмок шаарынын жашоочусунун тиешеси бардыгы аныкталган. Жакында, 2021-жылдын март айында ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү
башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мурда төрт жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1980-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармашты. Кармалган жаран тергөө органдарына жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: