Menu

Өзбекстанда президенттин атынан жарандарды алдап акча алып жүргөн киши кармалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Ички иштер минстрлиги «Фейсбук» социалдык түйүнүндө президент Шавкат Мирзиёевдин фейк аккаунтун ачып, жарандардан алдап акча алып жүргөн киши кармалганын билдирди. Ал Чирчик шаарынын 39 жаштагы тургуну экени белгилүү болду.

Маалыматка караганда, бул профиль аркылуу ал жарандар менен сүйлөшүп, өзүн Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси катары тааныштырып, колдонуучуларга ар кыл маселелер, анын ичинде турак жай жана насыя бөлүп берүү боюнча жардамын суруштаган. Бул үчүн ал 4 доллардан 150 долларга чейин акча которууну талап кылып турган.

Укук коргоо органдары «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду, тергөө амалдары жүрүүдө. Бул кылмыш үчүн он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: