Menu

Марат Аманкулов депутаттык мандатын тапшырат

Бөлүшүү:

КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мандатын тапшырат. Бул маалыматты журналисттерге БШКдан тастыкташты.

КСДПнын тизмеси боюнча, Марат Аманкуловдун ордун Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Рысбаев Равшанбек Рысбаевич ээлеши мүмкүн.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдирген.

Такталгандай, «А.М.А.» саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы анын расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон. Мындан тышкары, көмүскө активдерин жашыруу үчүн, аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтсак соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир,  “Каприз” борборундагы коттедж, 3 особняк, жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык сомду түзгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: