Menu

УКМК: Баткенде күйүүчү жана майлоочу майлардын контрабандалык ишине бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-апрелде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР УКМК чек ара кызматынын «Жаны-Жер» аскер кызматкерлеринин жардамы менен биргеликте Баткен облусунун Лейлек районунда май куючу жайлардын биринин кампасына берилген санкциянын негизинде тинтүү жргүзүлдү.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кампанын аймагына жүргүзүлгөн тинтүүнүн учурунда, коңшу өлкөнүн жасалма мамлекеттик номеролүү жеңил унаа табылып, анын салонунан 650 литр солярка табылып алынды.

Учурда УКМК тарабынан иштин жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: