Кыргыз Республикасынын УКМК контрабандага каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында, тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Баткен райондук сотунун сакциясына ылайык, Жаңы-Жер чек ара заставасынын жана КР УКМКнын чек ара кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунда жайгашкан Партнер Нефть май куюучу жайынын кампасына тинтүү жүргүзүлдү.
Кампанын аймагына тинтүү ишетеринин жүрүшүндө, Опель Зафира үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы көлөмү 900 литрлик цистерна табылган.
Кармалган автоунаа КР УКМКнын чек ара кызматынын «Кайрагач» өтөрүү пункунунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди.
Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ