Menu

Тажикстанда жети жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иш сотко өттү

Бөлүшүү:

Тажикстандын Гиссар райондук прокуратурасы жети жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки өспүрүмгө карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү аяктады. Иш Душанбе шаардык сотунда каралат.

Гиссар районунун Кончи айылында жашаган 14 жана 15 жаштагы эки өспүрүм коңшусунун жети жаштагы кызын зордуктоого айыпталып, июлдан бери камакта отурушат. Эгер алар бул кылмышка күнөөлү деп табылса, 15 жылдан 20 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Айыпталуучулар кыздын ата-энеси укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандан он күн өткөндөн кийин суракка алынган. Алар 8-июнда кошуна бала кызды үйүнө алдап чакырып, зордуктап салганын билдиришүүдө.

«Кызды зордуктагандан кийин ал моюнуна бычак такап, бул тууралуу башкаларга айтсаң өлтүрүп салам деп коркуткан. Ошондуктан алгачкы күндөрү кыз бул жөнүндө эч кимге айткан эмес», – деп билдиришти алар.

Кыздын туугандарынын айтымдарында, кыз эртеси ичи катуу ооруп атканын айткан. Үйдөгүлөр такып сурай баштаганда ал коңшу бала кол салганын билдирген. Бул боюнча өткөрүлгөн медициналык экспертиза зордуктоо фактысын аныктаган.

Зордуктоо фактысы боюнча ИИМдин Гиссар райондук бөлүмүнө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчысы жана мектеп директору суракка чакырылган. Көп өтпөй кылмышка айыпталган өспүрүмдөр билим алган №26 жана зордукталган кыз окуган №114 мектептин директорлору иштен алынган.

Тажикстанда өспүрүмдөр 16 жаштан тарта кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бирок адам өлтүрүү, зордуктоо же уурулукка күнөөлүү деп табылса, 14 жаштагылар дагы соттолот.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: