Бүгүн, 10-апрелде Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында кар көчкүнүн алдында калган 2007-ж.т. Э. уулу Б. аттуу баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн жерине издөө иш-чараларын улантылып, КР ӨКМнин Алай районунун бөлүм башчысы, жергиликтүү тургундардан 20 адам, “Ош-Пирим-Транс” ЖЧКдан 1 экскаватор тартылган.
Саат 09:20да баланын жансыз денеси кар көчкүнүн астынан табылып туугандарына өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ