Кечээ, 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин конференц-залында министрдин орун басары К.М. Сманалиевдин жетекчилиги алдында Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган отурумдун жүрүшүндө жогоруда айтылган Ведомстволор аралык комиссиянын 2020-жылдын 24-февралындагы отурумунун протоколу менен бекитилген 2020-жылга Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча иш-чаралар планынын аткаруу жөнүндө маселер талкууланган.
Ошондой эле, 2021-жылга Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча иш-чаралар планы каралды жана кабыл алынды.
Мындан тышкары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан сунушталган Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү менен «1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу кагылышуу учурунда маданий баалуулуктарды коргоо жөнүндө конвенцияга карата түзүлгөн Протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жана Мыйзам долбооруна карата токтомдун долбоору каралды жана жактырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ