Menu

Ошто алдамчылыкка шектелип УКТнын мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы алдамчылык жасоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымынла, апрель айында Ош облусунун тургуну ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, алдамчылык фактысы боюнча чара көрүүнү суранган.

Ошол эле жылдын январь айында Кара-Суу районунун айылдарынын биринде жайгашкан мал базарда чала тааныш киши жабырлануучунун ишеничине кирип беш баш букасын 280 000 сомдон ашык баалап алып, анын отуз миң сом акчасын берип, калган акчасын бир айдан кийин берем деп, ушул күнгө чейин ар кайсы шылтоолорду айтып бербей качып жүргөн.

Аталаган факт боюнча, 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-ст. 1-б. менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Бул факт боюнча ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада 14-апрель күнү бул кылмышка шектүү деп Кара-Суу районунун тургуну 1992-жылы туулган И.М. кармалып, КРнын ЖПКнин 98-беренесинин талаптарына ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Алынган маалымат боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: