Menu

Билим берүү жана илим министрлиги «Балдарга окуп беребиз» акциясын баштады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган «Балдарга окуп беребиз» акциясын баштады. Бул тууралуу КР БИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Балдарга окуп беребиз» акциясынын максаты балдар арасында көркөм адабиятты даңазалоо жана анын жигердүү окулушун колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана бышыктоо болуп саналат.

Бул акциянын алкагында бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарынын Көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка барып, анын жамааты менен баарлашты. Андан соң ал мектеп-интернатта тарбияланып жаткан балдарга «Таттуу алма» жомогун окуп берип, колдон колго өтүп саякаттай турган балдар адабияты салынган баштыкча жана ноутбук белек кылды.

Бул мектеп-интернат тууралуу айта кетсек, бүгүнкү күндө бул жайда республиканын бардык аймактарынан 222 окуучу билим алууда. Алардын ичинен 123 окуучу – Брайл системасы боюнча окуп жаткан көзү начар көргөндөр, 99 окуучу – көзү азиздер.

Ушул тапта мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 93 пайызы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда билим алуусун улантууда, алардын көпчүлүгү артыкчылыктуу дипломдорго ээ.

Белгилей кетсек, бул акциянын алкагында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен балдарга балдар адабияты салынган баштыкчалар жана 400гө жакын аталыштагы балдар адабияты тапшырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: