Menu

Бишкекте 7 килограммдан ашуун гашиш баңгизатын сатууга аракет кылган жаран кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери 7 килограммдан  ашуун гашиш баңгизатын сатууга  аракет кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан өсүмдүк табиятындагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жаранды кармоо боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады.

Баңгизаттарды  ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, 2021-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарынын Жамгырчинов көчөсүнөн ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан А.А.  аттуу жарандын башкаруусундагы «BMW» үлгүсүндөгү автоунаасы токтогулган.

Автоунаага кароо жүргүзүү учурунда унаанын ичинен таңгакталган жапайы өскөн кара куурай кендир жыты бар, кара-жашыл түстөгү зат табылып алынган.  Кызматкерлер баардыгы 30 даана экендигин  эсептеген.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык,  табылып алынган зат салмагы  8 кг 262 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты экендиги  аныкталды. Алынган маалыматтын негизинде баңгизаттар чет мамлекеттик үлгүсүндөгү унаанын 1984-жылы туулган А.А. аттуу айдоочусуна таандык деп аныкталган, жана ал түзөтүүчү мекемелердин биринен соттолгон  жактарга баңгизаттарды саттууга аракет жасаган.

Учурда баңгизатты ташууга  тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: