Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун натыйжасында төрт тургун медициналык жардам сурап кайрылышты. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бир бейтап амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү, экөө Самаркандек айылындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жаткырылды. Дагы бирөө Лейлектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жатат. Акыркысы октон жаракат алган, учурда абалы оор.
Белгиленгендей, окуя болгон жерде үч тез жардам бригадасы нөөмөттө турушат.
“Эгерде жогорку квалификациялуу жардам көрсөтүү зарылчылыгы келип чыкса, Оштон адистер жөнөтүлөт“, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан.
Ак-Сай айылында жайгашкан Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Видео көзөмөлдү экинчи мамычага да орнотуп жатканда кыргыз чек арачылары аларды токтотушкан. Бул боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан маалда Тажикстан тараптан ок атылган. Бактыга жараша эч ким жарадар болгон эмес.
Бүгүн таңында Тажикстан тараптан Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүн көздөй ок атылган. Ошондой эле, Ош – Исфана жолунун боюнда жайгашкан Майский айылынын (Тажикстан) жанынан өтүп бара жаткан унааларга таш ыргытылып баштаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ