Menu

Аламүдүн районунун жашоочусунан белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алынды

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунун жашоочусунан белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 27-апрель күнү Аламүдүн районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 40-45 жаш курактагы европа улутундагы эркек киши эч кандай тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сактап жүргөнү жана аны сатууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

Жогорудагы маалыматты текшерүү максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жогорудагы жарандын өздүгү аныкталган. Ал 1970-жылы туулган Лебединовка айылынын жашоочусу К.В. экендиги такталып, териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда жогорудагы жаран белгисиз үлгүдөгү куралын өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине
тапшырып берген.

Бул окуя кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттлаып, ал куралга тиешелүү экспертизалар дайындалаган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: