Menu

Видео – Түндө тажик тарап Максат айылындагы үйлөрдү өрттөштү

Бөлүшүү:

Түндө Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылындагы үйлөрдү Тажикстандын жарандары өрттөп жиберишти. Бул тууралуу журналисттерге жергиликтүү тургун Бурул Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, айылдын бардык жашоочулары эвакуацияланган, ал жерден аскер кызматкерлери да чыгып кетишкен.

“Максат айылындагы аскер бөлүгү толугу менен күйүп кетти. Бардык тургундар качып кетүүгө үлгүрүштү. Алгач алар бизди аткылашты, анан айылды курчап алып, үйлөрдү өрттөштү. Түнкү саат 01.00гө карата 16 үй өрттөлдү”, – деди ал.

Тиешелүү видеотасма социалдык тармактарга жарыяланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: