Алардын айтымында, Тажикстандын аскерлери Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында Кыргызстандын жарандарынын үйлөрүн актылап баштады. Буга чейин айыл тургундары эвакуацияланган.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары коргонуу позициясына өтүштү.
Ошондой эле, бүгүн Баткен шаарында чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталганы маалым болду. Бирок жолугушууга Тажикстандын өкүлдөрү келе элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ