Menu

Фото – Мурдагы талаа командири Шох Искандаровдун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга катышканын далилдеген сүрөттөр жарыяланды

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда Шох Искандаровдун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатакка катышканын далилдеген сүрөттөр жарыяланды.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, ал жана анын отряды кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууларга катышкан. Ошондой эле Шох Искандаров Кыргызстандын аймагындагы бардык операцияларды (т.а. чек арадагы айылдарга кол салуу) жеке өзү көзөмөлдөгөнү айтылып жүрөт.

Белгилүү мурдагы талаа командиринин сүрөттөрүн социалдык тармактарга Тажикстандын жарандары жарыялашууда. Алар Искандаровго өлкө үчүн кызмат кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришүүдө.

Белгилей кетсек, Шох Искандаров – мурдагы талаа командири, Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) академиясынын бүтүрүүчүсү, 90-жылдары Тажикстандагы жарандык согуш учурунда бириккен тажик оппозициясынын отрядын башкарган. Тажикстандын чек ара аскерлеринин эң тажрыйбалуу командирлеринин бири. Тажик аралык тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин, ал Тажикстандын чек ара аскерлерине кызмат өтөөгө кеткен. 1998-жылы ал Согди облусунда полковник Махмуд Худойбердиевдин согушкерлерине каршы операцияны жетектеген.

Кийинчерээк ал Ооганстандын аймагынан Кыргызстанга өтүп кеткен согушкерлер тарабынан туткундалган кыргыз милиция кызматкерлерин жана Япониянын жарандарын бошотуу операциясына катышкан. 

Ал кыргыз-тажик чек арасында бир нече жолу байкалган. 2014-жылдын январь айында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ворух анклавында генерал Шох Искандаровдун жана анын отряды келери жөнүндө жарыялангандыгына байланыштуу, Тажикстанга нота жөнөткөн. Ал Ворухка Исфара-Баткен чек арасындагы атышуудан кийин келген. Белгилей кетчү нерсе, ошол учурда талаа генералы таптакыр башка аймакта ИИМдин башчысы болгон. Буга карабастан, ал жаңжал чыккан аймакка келген.

2018-жылдын декабрь айында болгон дагы бир чек ара жаңжалынан кийин Искандаров кыргыз чек арасына жакын жайгашкан Исфара РИИБнин башчысы болуп дайындалган. Ал 2019-жылы эки тараптардын ортосундагы дагы бир чыр-чатак болгондо байкалган. 2020-жылдын башында ал башка регионго которулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: