Menu

Чек ара жаңжалы: тажик тарап уурдалган эки автоунааны кайтарды

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 5-май, саат 11.30га карата Баткендеги кырдаал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал учурда туруктуу.

Чек ара кызматы Тажикстан 4-майда чек ара жаңжалы учурунда уурдап айдап кеткен кыргыз жарандарынын эки автоунаасын кайтарып бергенин кабарлады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 5-майда коогада зыянга учураган чек ара бекеттерин кыдырып жүрөт.

Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Дүйшөмбү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. “Азаттыктын” тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 18 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: