КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыр тарткандарга бир күндүк маянасын которуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Каражат Баткен облусунда орун алган окуяга байланыштуу ачылган эсепке которулуп, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү иштерине жумшалат.
Белгилей кетсек облустук өкүлчүлүк жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын банктык эсеп ачкан.
р/с 4409021103005073
БИК 440001
Борбордук Казына
ИНН 01312199910086
Код платежа 14411100
БИК: 440902 которуу жолу МКП же ВКП аркылуу
Финка Элсом. 0772001616.Сейитказыев Алтынбек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ