Menu

Муфтияттын алдында нааразылык акциясы өтүп жатат

Бөлүшүү:

Мусулмандар дин башкармалыгындагы коррупцияга нааразы болгон жарандар муфтияттын алдына боз үй тигишти. Алар муфтияттагы коррупцияны жоюу жана аалымдар кеңешинин азыркы курамын алдыдагы шайлоого катыштырбоо талабын коюшууда.

Бүгүн 21-майда муфтийликке талапкерлерден сынак алынмак. Ушул айдын аягында Кыргызстанда мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи, аалымдар кеңешинин жаңы чакырылышы шайланганы турат.

Муфтий болуу ниетин сегиз адам билдирип, алты талапкердин документтери туура келди. Алар: Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шүкүр Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов жана Убайдулла Сарыбаев.

Муфтийликке талапкерлигин койгон Шакир Маматов менен Сайдамир Жейналиевди Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы билими муфтияттын талаптарына жооп бербейт деп шайлоодон четтеткен.

21 адамдан турган Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешин учурда Абибилла Кадырбердиев жетектейт. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү курултайда үч жылга шайланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: