Мелис Аспеков УКМКнын абагынан Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, бүгүн, 21-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мелис Аспековду УКМКнын СИЗОсунан Бишкек СИЗО-1ге которуу боюнча чечим чыгарды.
10-январда Биринчи май райондук соту активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган.
Улан Жураев тергөө менен кызматташып, 26-январда үй камагына чыккан. Мелис Аспеков болсо тергөө иши аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ