Menu

Панфилов районунда чагымчыл маалыматтарды таркатууга шектүүлөр кармалышты

Бөлүшүү:

Панфилов районунда чагымчыл маалыматтарды таркатууга шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында,  5–май күнү  милиция кызматкерлери тарабынан «Вотсап» группаларда таркап жаткан маалыматтар алынган. Анда белгисиз аял Чалдовар айылындагы Таджикстан Республикасынын жарандарына карата чагым ирээтинде сөз айтканы аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Социалдык түйүндөр аркылуу таркаган үн жазууга тиешелүү экспертиза дайындалып, экспертизанын жыйынтыгы менен аталган билдирүүдө улуттар аралык кастыкты козутууга чакырык бар экендиги такталган. Анын негизинде катталган материал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу)  өткөрүлүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

Үн жаздырып таркаткан аялдын өздүгүн аныктоо максатында Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Панфилов РИИБдүн кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жургүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы фактыга шектелип, 1998-жылы туулган Г.Н. жана 2001-жылы туулган К.Н. атуу жарандар кармылшып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: