Menu

Жалал-Абадда 3 бала 19 жаштагы жигитти коркутуп, уюлдук телефонун жана 85 миң сом акчасын тартып алган

Бөлүшүү:

Жалал-Абад милициясы тоноо фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2021-жылдын апрель айында Жалал-Абад шаардык ички ичтер бөлүмүнө Сузак районунун 19 жаштагы тургуну арызданып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Арыздануучу түнкү маал саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш болгон 3 бала аны коркутуп, күч колдонуп, 10 миң сомдук телефонун жана 85 000 сом накталай акчасын алып коюшкандыгын билдирген. 

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө кызматы тарабынан тергөө тапшырмасы берилип, анын негизинде Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу опер кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен Сузак районунун тургуну 2000-ж.т. Т.Б. кармалып, тергөөгө камсыздалган. 

2021-жылдын 13-май күнү КРнын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Т.Б.  Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын 2 шеригинин да өздүктөрү аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Учурда Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: