Menu

Кумтөр алтын кениндеги коррупция боюнча КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков УКМКда сурак берүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-июнда Кумтөр алтын кениндеги коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков УКМКнын тергөө башкармалыгына суракка чакырылып, азыр тергөөчүгө сурак берүүдө.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев КР Жогорку Кеңешинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып “биздин колубуздагы фактылар боюнча парламенттин бир нече депутаттары Кумтөрдөн көптөн бери сый акы алып жүрүшкөн, жакында алардын баары кармалат” таризинде билдирүү жасаган.

Ал эми 15-майда Кумтөр голд компани ишканасынын офисине УКМК тинтүү жүргүзгөн учурда Канадалыктардан көп жылдардан бери “ооз басырык” алып жүргөн депутаттар менен мамлекеттик чиновниктердин тизмеси табылыптыр деген маалымат тароодо.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: