Menu

ТИМ: Алматыда кармалып, эки буту, кабыргасы сынганча сабалган Чолпонбек Сыдыков атайын медициналык унаада “Ак-Жол” көзөмөлдөө-өткөрмө пунктуна чейин алып келинди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жараны Ч.Сыдыковго байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 20-январында Министрликтин тапшырмасы менен КРнын Алматы шаарындагы Башкы Консулдугу тарабынан Ч.Сыдыков атайын медициналык унаада “Ак-Жол” көзөмөлдөө-өткөрмө пунктуна чейин алып келинди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин көмөгү менен Министрлик тарабынан Ч.Сыдыковду “Ак-Жол” көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунан тосуп алуу менен, аны андан ары тийиштүү медициналык мекемеге жайгаштыруу уюштурулду.

Учурда министрлик казакстан тарабы менен КРнын жараны Ч.Сыдыковго байланыштуу окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: