Menu

Алмаматов 12,5 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга соттолду. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарган. Эми Алмаматовдун апелляциялык арызын Бишкек шаардык соту 14-майда карайт. Белгилей кетсек, Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Ал айдоочулук күбөлүк берүү маселесинде коррупциялык схема түзүп, адамдардан ийгиликтүү акча чогултуп келген деп айыпталган. Мындан тышкары, бул адам белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча башкы күбө катары да көрсөтмө берип келген. Маалым болгондой Камиланын өлүмүнө Аида Салянованын байкеси Калыбек Салянов күнөөлөнүп келет. Алмаматов Салянов менен Дүйшөбаева эс алды деген суананын кожоюну болуп эсептелет. Ал Салянов өзүнөн саунада тасмага тартылгандарды өчүрүүнү сураганын айтып берген.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: