Бу интернет деген нерсе акыркы убактарда элге башы көрүнгөн адамдардын баш оорусуна айланды окшойт. Эстеп көрсөк, буга чейин атактуулардын абийирин ачкан сүрөттөр менен видеолор бир нече жолу социалдык тармактар аркылуу элге тарап, талаш-тартышка жем таштаган эле. Бул ирет интернет чабуулуна айтылуу ажы Турсунбай Бакир уулу туш болду. Анын мотурайган жаш кыздын мойнуна колун коюп түшкөн сүрөтү интернетте тарап, көпчүлүк “Бакир уулу төшөк жаңыртып, суйкайган сулуу кызды никелеп алыптыр” деп божомолдоп ийишти. Соцтармактан кабары бар Турсунбай мырза буга бат эле жооп кайтарып, бул ишти бузуку адамдар жасап жатканын, жаш кызга үйлөндү деген сөз жөн гана ушак экенин айтып чыкты. Ачууланган ажыке эми жеке жашоосуна кол салган “душмандары” менен сотто сүйлөшөөрүн кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ