Menu

Садыр Жапаров: Бүгүн биз алдыга койгон дагы бир максатыбызды ишке ашырып, “Алтын балалык” медико-реабилитациялык комплексин ишке берип жатабыз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында реконструкциялоодон кийин ишин баштаган “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачты.

Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

 “Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу көл кылаасынын тургундары!

Бүгүн биз алдыга койгон дагы бир максатыбызды ишке ашырып, “Алтын балалык” медико-реабилитациялык комплексин ишке берип жатабыз.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өткөн жылы бул реабилитациялык борборду ишке киргизүү үчүн кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, ага жалпы коомчулук – мамлекеттик органдар, кайрымдуулуку уюмдары, меценаттар катышкан эле. “Жабыла көтөрсө жүк” жеңил дегендей, ынтымактын, биримдиктин, тыкыр көзөмөлдүн негизинде бүгүнкүдөй жакшы саамалыкты элибизге тартуу кылып олтурабыз.

Учурдан пайдаланып салым кошкон мекендештериме терең ыраазчылык билдирем.

Балдарга татыктуу тарбия, терең билим берүү сыяктуу эле алардын ден-соолугуна камкордук көрүүнүн да мааниси зор. Акыл-эстүү жана ден соолугу чың балдарды тарбиялоо үчүн аларды ар кандай оору-сыркоолордон сактап, ырааттуу түрдө реабилитациядан өткөрүп турушубуз зарыл. Себеби, улутубуздун келечеги дал ушул саламаттыгы чың балдарга байланыштуу.

Мындай максаттагы аты аталган комплекстин тарыхына кайрылсак, ал 1998-жылы Ысык-Көл районунда Майрам Акаеванын “Мээрим” фондусунун демилгеси менен эне-баланы коргоо боюнча долбоорду ишке ашыруу башталган экен. 2005-жылдын Март революциясынан кийин комплекстин курулушу токтоп калган. Андан кийин ар кандай себептер менен бул комплекстин курулушу жыйынтыкталбай келгендигине жалпыңыздар күбөсүздөр.

Өткөн жылы – 2021-жылдын март айында саламаттык сактоо министри менен бул борборго келип, ал-абалынан кабар алган элек.

Ошондо республиканын аз камсыз болгон бардык үй-бүлөлөрүнүн балдарынын жана энелердин ден соолугун калыбына келтирүүгө багытталган бул комплекстин курулушун жандандырып, быйылкы жылдын 1-июнуна – Балдарды коргоо күнүнө карата бүткөрүү тапшырмасын берген элем. Кудай тилегибизди берип, балдардын ден соолугуна кам көрүүгө арналган бул жайдын курулушу жыйынтыкталып олтурат. Буюрса, ден соолукту чыңдоочу бул комплекс заманбап, акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган медициналык борборго айланды.

Бул комплекстин кереметтүү Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкандыгы дагы өтө маанилүү. Өзүңүздөр билгендей, көлүбүздүн климаты, бальнеологиялык  шарттары негизи эле ден соолукту чыңдоого жана калыбына келтирүүгө абдан ыңгайлуу.

Медициналык-реабилитациялык борбор 8 блоктон турат. Ден соолукту калыбына келтирүүдө, чыңдоодо аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү балдарыбызга ийгиликтүү кызмат кылат деген үмүт-тилегибиз бар. Комплекстин долбооруна ылайык, бир эле мезгилде 400 бала энелери менен кабыл алынышы каралган. Ошондой эле комплекстин медициналык илим изилдөө бөлүмү да иш алпарат. Муну менен катар балдардын эс алуусу, коомчулукта балдарды чоңдордун жашоосуна калыптандыруу, балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн ачуу – эстетика, этика, көркөм өнөр, компьютердик сабаттуулукка үйрөтүү жана башкаларга багытталган иш-чаралар да уюштурулат.

 Урматтуу мекендештер!

Мамлекетибиздин келечегин татыктуу жаштарга өткөрүп берүүнү кааласак, балдарыбызды ар тараптан коргоо, алардын ден соолугун чыңдоо, шык-жөндөмүн, талантын ачып, максатына жетишине көмөктөш болуу сыяктуу иш-аракеттерди сапаттуу деңгээлде ишке ашыруубуз кажет деп ойлойм. Демек, эртеңки келечегибиз бүгүнкү балдардын, жаңы муундун сак-саламат жетилишинен көз каранды. Мамлекет мындай ары маанилүү, ары жоопкерчиликтүү иш-максаттарды көз жаздымда калтырбайт, эртеңки күнүбүздүн жаркын үмүтү болгон балдарыбыздын эч нерседен тайманбай, көздөгөн максатына жете билген, ден соолугу чың эр-азаматтардан болуп чыгышына ар дайым маани беребиз. Балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүү — бул бүтүндөй Кыргызстандын ийгиликтүү келечегинин пайдубалын түптөө экендигин дагы бир жолу баса белгилеп кетейин.

Бул борборго бүгүнтөн баштап 15-сентябрга чейин республикабыздын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн балдар келип эс алып турушат. Ар он күн сайын 250 бала кабыл алынып турат.

Ушул багыттагы иш-аракетерибиздин бири болгон “Ден соолук” медициналык-реабилитациялык комплекси ишин ийгиликтүү баштап кетсин! Дарыланууга келген балдарыбыз сак-саламат сакайып чыксын деп тилек кылалы.

Балдарыбыздын асманы ачык, ар бир күнү көңүлдүү өтсүн! Ден соолугу чың болуп, Мекенин сүйгөн, Мекени үчүн күйгөн, Мекени үчүн ак кызмат кылган эр-азаматтардан болуп чоңойсун!

Сөзүмдүн аягында айтаарым, урматтуу мекендештер жогоруда айтып өттүм, былтыр март айында келип комплекстин абалы абдан кейиштүү экенин көрүп, министрге тапшырма берген элем “ушул комплексти 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата бүтүрүп, ишке киргизели” деп. Өзүңүздөр күбө болгондой балдардын биринчи агымы келип түштү.  10-15 күндүк майда-чүйдө жумуштары калыптыр. Аларды параллелдүү бүтүрө берсе болот. Ушунун баарын уюштуруп, бир жылдан ашуун эмгектенген  иштеген куруучуларыбызга, ар тараптан демөөрчүлөрдү таап курулуш иштерин бүтүргөн министрибизге терең ыраазчылык билдирип кетели”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: