Жалал-Абад областынын Сузак райондук прокуратурасы жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан опузалап пара алуу фактысы жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. кармалды.
2022-жылдын 4-августунда Сузак районунун прокуратурасына И.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын май жана июнь айларында Багыш айыл өкмөтү тарабынан билим берүү мекемесинин ажатканасын куруу жана айыл өкмөттүн чатырын оңдоо үчүн өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылганын, бирок айыл өкмөттүн кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, арыз ээсине которулган акча каражаттарын опузалап алып койгондугун билдирген.
Бул факты боюнча Сузак районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш иштин алкагында, Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. 60 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Теги: Паракорлор
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ